• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Монголияда. Велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кармалды

10 Теке 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ МИРЗИЕЕВДИ КУТТУКТАДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен дагы бир жолу жылуу куттуктап, анын жеңиши — боордош өзбек элинин ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган анын саясий багытын өлкө эли колдой турганын шайлоонун жыйынтыгы тастыктады.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин ишмердиги мындан ары да боордош Өзбекстандын өнүгүшүнө жана анын элинин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын келечегин, регионалдык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

ЖАПАРОВ МОНГОЛИЯДАГЫ ТОО-КЕН ЗОВОДГО БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында 10-июлда Эрдэнет шаарына барды. Анын басма сөз кызматы аталган шаардагы тоо-кен заводунун иши менен таанышканын кабарлады.
«Садыр Жапаровго “Эрдэнэт” заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелери, жылына 40 млн. тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жатканыы жөнүндө маалымат берилди. Ишкана 1973-жылдан бери иштеп келет, совет жана монгол өкмөттөрү «Эрдэнэт» жез-молибден кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүп, ал бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири бойдон калууда. Кыргызстанда алтын-жез концентраттарынан жезди алып чыгаруу боюнча фабрикалар жана технологиялар жок экендигин эске алуу менен, кыргыз тарапка бул тажрыйба кызыктуу. Бүгүнкү күндө кыргыз тарап бул рудаларды чет өлкөдөн кайра иштетүүгө аргасыз болууда»,-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында Жапаров Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки өлкөнүн достугу жана кызматташтыгы жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койгон. Анын алкагында тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий, коопсуздук, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм өңдүү бир катар тармактарда алака-катышты чыңдоону макулдашкан.
Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапары 9-июлда башталган жана 11-июда аяктайт.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРА ТОПТОРУ ЖОЛУКТУ

Баткен шаарында 3-9-июль күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы анын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын маалымдады, бирок анын мазмунун ачыктаган жок. Келерки жолугушуу эми Тажикстанда өтөт.
Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.
Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган.
Быйыл 2-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулаган.

ВЕЛОСИПЕДЧЕН АДАМДЫ СҮЗГӨН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Бишкекте жолдо бараткан велосипедченди машинасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалганын бүгүн 10-июлда шаардык милициянын Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү катары Бишкек шаарынын 44 жаштагы тургуну кармалды, ал айдаган «Daewoo Nexia» машинасы атайын айып короого токтотулду.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени маалымдалды.

7-майда Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн астында болгон окуянын видеосун таксиде кетип бараткан жүргүнчү социалдык түйүндөргө жарыялаган. Андан таксинин айдоочусу алды жакта велосипед айдап бараткан кишини сүзүп кеткенин, ал жыгылып, кайра турганын көрүүгө болот. Жүргүнчү айдоочу аны атайылап сүзгөнүнө күбө болгонун жазган. Кайгуул кызматы велосипеддин айдоочусу 17 жаштагы бала экенин маалымдады.

Окуянын видеосу социалдык түйүндөргө тарап, кызуу талкууланууда.

Количество просмотров: 163