• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Оштун мэрин иштен албайт. Ташиев Ятимов менен жолукту

12 Бештин айы 2023 17:54 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ

 Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров Достук айылынын тургундары менен жолугуп, кыргыз-тажик чек ара маселесине токтолду. Мамлекет башчы чек араны жаңы жылга чейин чечүүнү көздөшкөнүн, бирок жазында чечилип бүтөрүн айтты.

Бул арада Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-декабрда, Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун ортосунда жолугушуу болуп өткөнүн кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер, 2023-жылга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктарын талкуулап, калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти. Кошумчалангандай, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөн.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. Былтыр эки мамлекеттин башчылары жолукканда, жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

ЖАПАРОВ ОШ МЭРИ ТУУРАЛУУ ПИКИРИН АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров Ош шаардык кеңешинин калаа мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчүн четке каккан чечим тууралуу комментарий берди.

“Депутаттар “мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылышы керек” деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун, өздөрү мыйзамдарды сыйлашсын, өздөрү коррупция менен шугулданганды токтотушсун. Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда “Ошту иретке келтир” деп тапшырма бергем. Ошто мыйзамсыз, талапка жооп бербеген башаламан курулуштар бар экенин жашоочулар жакшы билишет. Мэр ошолордун баарын иретке келтирип, бузчусун бузуп жатат. Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт. Арасында коррупция менен жан баккан депутаттар да жок эмес. Мен азырынча алардын баарынын атын атабай эле турайын. Керек болсо учуру келгенде баарын атаймын. Жерлерди, имараттарды мыйзамсыз алгандардан кайра мамлекетке кайтарып жатат”, — деди президент.

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үч депутат каршы болгон. Депутаттар буга шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө кылышкан.

УКМК КАРМАГАН САЛЫКЧЫЛАР ИШТЕН АЛЫНДЫ

Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен кармалган Мамлекеттик салык кызматынын беш кызматкери жумуштан алынды. Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

“Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында “Дордой” базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордойдо” салык чогултууга жооптуу болгон беш салык кызматкери кармалганын маалымдаган. Аларга “ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган” деген айып коюлууда. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бул схема кеминде беш-алты жыл туруктуу иштеген. Териштирүү иштери уланууда.

АРБИТРАЖДЫК СОТТОГУ ИШТЕР

Бүгүн, 12-декабрда Юстиция министри Аяз Баетов жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрүп, арбитраждык соттогу иштер боюнча маалымат берди. Анын айтымында, эл аралык сотто 3 иш каралып, бирөө боюнча чечим чыккан.

РАЙОНДУК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН БАШКЫ ЭСЕПЧИСИ КАРМАЛДЫ

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы эсепчиси пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 45 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери пара менен кармалды.

Кармалган жаран кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“опузалап пара алуу”) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка опузалоо фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынан да аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 154