• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров шайлоого барат, бийлик кимге өтөт? “Кумтөр” аркылуу байыгандар аныкталабы?

27 Тогуздун айы 2020 18:06 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров декабрь айынын башында ыйгарым укуктарын тапшырып берип, президенттик шайлоого катыша турганын Кочкор районунун Мантыш айылына барган иш сапарында билдирди.Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат? деген суроо жаралууда.

КООПСУЗДУК КЕҢЕШТИН КАТЧЫСЫ АЛМАШТЫ

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармоону «театрлашкан шоу» деп мүнөздөдү. Мындай пикирин ал 27-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

ФИНПОЛ КОРРУЦИЯЛЫК СХЕМАНЫН БЕТИН АЧТЫ

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

БИШКЕКТЕ МЭР КАЙРАДАН АЛМАШТЫ

Бишкек шаарынын мэринин креслосун талашуу дагы деле уланууда. Бүгүн, 27-октябрда мэриянын алдына Балбак Түлөбаевдин мэр болушуна нааразы болгон тарап митингге чогулушту. Алардын алдына чыккан  Балбак Түлөбаев сөз сүйлөп, эл каршы болсо кызматта бир да мүнөт турбай турганын айтты.

КОРОНАВИРУС ӨСҮҮДӨ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду, алардын экөө тең Бишкекте.

КИНОТЕАТРЛАРДЫ АЧУУ СУНУШТАЛДЫ

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына өлкөдөгү кинотеатрларынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кат жөнөттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кинотеатрлар 2020-жылдын 17-мартынан ушул күнгө чейин жабык турду, 7 айдан бери бул тармак ири финансылык жоготууларга келген.

Количество просмотров: 238