• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Жапаров жаңы учак менен Катарга барып келди. Мурдагы өкмөт башчы кызматка дайындалды

19 Бештин айы 2022 18:44 Бишкек Govori.TV

АЖО УЧАК САТЫП АЛАТ

Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет элдик сапары үчүн жаңы учак сатып алуу чечимин кабыл алды.  Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлап, менчик учакты лизингге алуу иши аяктап жатканын билдирди.

Султанбаевдин айтымында эки учактын бири тандалып алынат. “Буга чейинки бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катар мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы», — деп жазды ал.

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Катарга болгон иш сапарына менчик учак менен кеткени талкуу жараткан. Жергиликтүү басылмалар мамлекет башчынын Бишкек-Доха сапары 25-30 миң долларга бааланганын жазышкан.

20-сентябрда президент АКШга учак менен акысыз, сыноо режиминде барып келгени, кыргыз тарап күйүүчү майын гана камсыздап бергени расмий кабарланган.

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ

Бүгүн, 19-декабрда «Бирикмелердин жана Ассоциациялардын эркиндигине укук»,- аттуу улуттук диалог болуп, КР нын айрым мыйзам актыларына тактап айтсак, Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө»Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө » мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Ошондой эле Коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзам  долбоору тууралуу талкуу болду. Бул мыйзамды демилгечилери катары Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси  Мурат Укушев эсептелинет.

АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАГАН АЯЛДАРДЫН АБАЛЫ

Бишкекте массалык тополоң чыгарып, бийликти кулатууга даярдык көргөн деп кармалып абакта отургандардын арасынан мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган адамдар 21ге жетти. Алардын ичинен төртөө аял. Бул арада Орозайым Нарматова менен Перизат Суранованын абалы кескин начарлады.

 Ал эми Жаза аткаруу кызматы 6 күндөн бери ачкачылык жарыялагандардын саламаттыгы жөнүндө азырынча маалымат бере элек. Активист Перизат Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков ал коюлган айыптар менен макул эместигин белгилеп ушундай кадамдарга барып жатканын айтты.

САРИЕВ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстанды Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтүп, экс-премьер-министр Темир Сариев төрага болуп шайланды.

Жыйында талапкерлер өзүнүн программасы тааныштырышты. 15-декабрда палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырган.

Алардын катарында Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев бар болчу.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

МУРАДИЛАЕВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 19-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, ага актердун кесиптештери, санаалаш достору, жакындары, күйөрмандары жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.  Артында жубайы жана эки уулу калды.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам кечээ, 17-декабрда көз жумган.

Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Количество просмотров: 309