• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров жыл аягында отставкага кетет. Айлыкка нааразы медиктер иш таштоодо

26 Тогуздун айы 2020 19:13 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО 10-ЯНВАРДА ӨТӨТ

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 15-ноябрда бүтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 26-октябрда президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогон учурда парламент бир жума аралыгында жаңы президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши керек.

БАШ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮГӨ КАРШЫЛАР

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында учурда ондогон кишилер топтолуп, нааразылык акциясына чыгышты.

Чогулгандар Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгышып, парламенттик шайлоону мыйзам

ВИРУСТУН КҮЧ АЛЫШЫНЫН СЕБЕБИ АЙТЫЛДЫ

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протоколду иштеп чыгууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирип, 26-октябрга карата коронавирустун жаңы учурлары тууралуу маалымат берди.

МЕДИКТЕР АЙЛЫКТЫН АЗДЫГЫНАН КЫЗМАТЫН ТАШТООДО

Ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов Twitter тармагындагы баракчасына билдирүү жазып, айлыктын аздыгынан улам медиктер жумушун таштап жатышканын билдирди. Анын айтымында, учурда 80 дарыгерге бош вакансия бар.

ТҮЛӨБАЕВ ЖАҢЫ КАЗМАТКА КЕЛЕТ

Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келет. Белгилүү болгондой ал бүгүн, 26-октябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

МЭРИЯДА КАЙРАДАН МИТИНГ

Учурда мэрдин милдетин Нариман Түлеев аткарып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, биринчи вице-мэр Нариман Түлеев мыйзамдын негизинде мэрдин милдетин аткарып жатат. Аны «Башкалаанын макамы жөнүндө» мыйзамына таянуу менен отставкага кеткен мурдагы мэр Азиз Суракматов 21-октябрда кызматка дайындап кеткен.

Количество просмотров: 2234