• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаровдун өкмөтү ант берди. Төрага кайра алмашабы?

28 Тогуздун айы 2020 20:57 Бишкек Govori.TV

ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮ АНТ БЕРДИ

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жыйында өкмөттүн жаңы 2 мүчөсүнүн талапкерлигин карады. Жыйында депутатар Сурабалдиеванын талапкерлиги жактырды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.

ТӨРАГА АЛМАШАБЫ?

Жогорку Кеңеште депутаттар спикер Канат Исаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жатканы тууралуу билдирүүлөр тарады. Депутат Дастан Бекешев аталган маалыматты ырастап, макул болбогонун билдирди.

БИР НЕЧЕ ПАРТИЯ БИРИКТИ

«Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» баштаган бир топ партиялар «Үмүт» аттуу саясий кыймылына бирикти. Бул тууралуу алар 28-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында кабарлашты.

МЭРИЯДА КАЙРАДАН МИТИНГ

Бүгүн, 28-октябрда эртең менен Бишкек шаарынын мэриясынын алдына мурдагы вице-мэрлер – Алимбек Абдылдаев менен Виктория Мозгачеванын кызматтан кеткенине нааразы болгон жарандар чогулду. Алар аталган мурдагы эки вице-мэрди кайра кызматтарына алып келүүнү талап кылып жатышат.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

28-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алып, 538 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бир суткада илдеттен 414 киши айыкты.

АЖЫЛЫККА УРУКСАТ БЕРИЛЕ ЭЛЕК

Сауд Араб Падышалыгы умра ибадатын аткарууга уруксат берилген жана уруксат берилбеген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, Сауд Арабиясы үчүнчү этап менен 1-ноябрдан баштап сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууну баштап, 108 өлкөгө уруксат берди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрү бар.

Количество просмотров: 100