• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаровдун тарапташтарынын таарынычы эмнеде? Бишкекте бир күндө 5 митинг өттү…

2 Жетинин айы 2020 18:42 Бишкек Govori.TV

Бийликтин кадр саясатына, коррупция менен күрөш боюнча иштерине Садыр Жапаровдун айрым тарапташтарынын нааразычылыгы ойгонду. Буга байланыштуу Жапаровду түрмөдөн бошотууну талап кылган митингди уюштуруучулардын бири, жарандык активист Бакай Кашкарбаев билдирүү жасады.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штабдын маалыматы боюнча 2-ноябрга карата коронавирус дагы 436 кишиден аныкталды. Беш адам каза болду. Ооругандардын көбү  Бишкек шаарында катталды. Каза болгондордун үчөө Бишкекте, бирден адам Баткен жана Талас облусунда. Ал эми акыркы бир күндө 332 адам сакайып чыкты.

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ДАГЫ БИР ТАЛАПКЕР АНЫКТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Саясатчы өзүн-өзү көрсөттү. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты.

ЖАПАРОВ ӨЛКӨНҮН ТҮШТҮГҮН КЫДЫРАТ

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2020-жылдын 2-4 ноябрында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

БИШКЕКТЕ БИР НЕЧЕ МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн 2-ноябрда Бишкектеги Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн алдында жалпысынан төрт митинг өттү. Ал эми УКМКнын алдына ички иштер министринин мурунку орун басары, учурда камактагы Курсан Асановдун тарапташтары чогулду. Алар Асановдун абактан чыгарууну талап кылышууда.  

МИТИНГДЕ ЖАБЫРКАГАН ЖИГИТ КОМАДАН ЧЫКТЫ

5-октябрда башталган массалык башаламандык учурунда катуу жарадар болуп, комада жаткан 24 жаштагы жигит эсине келди. 2-ноябрда аны саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барып көрдү.

Количество просмотров: 396