• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Жапаровдун жеңиши аянтта белгиленди. Казынага 2,5 миллион төгүп абактан чыккан аткаминер

11 Үчтүн айы 2021 19:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

11-январга карата Кыргызстанда дагы 107 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 380 адамга жетти. Алардын 78 003ү сакайды. Соңку бир күндө 101 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

ЖАПАРОВДУ БАШКА ӨЛКӨ ЛИДЕРЛЕРИ КУТТУКТООДО

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Куттуктоосу Кремлдин расмий баракчасына жарыяланды.

Ошондой эле Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу куттуктаган. Анын алдында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагы жана Twitter аркылуу таратты.

Шанхай Кызматташтык Уюму, Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңеши сыяктуу уюмдар шайлоонун жыйынтыгын тааныганын жарыялашты.

АЯНТТА ЖАПАРОВДУН ЖЕҢИШИ МАЙРАМДАЛДЫ

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чара өттү. Жарандар борбордук аянтка чогулуп Садыр Жапаровдун шайлоодо алдыга чыгышын белгилөө максатында чогулушкан.

КОРРУПЦИЯГА ШЕКТЕЛГЕН АТКАМИНЕР ҮЙ КАМАГЫНА АЛЫНДЫ  

Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финансы полициясы) билдиришти.

СУДЬЯ МЫЙЗАМСЫЗ БАЮУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматы Жогорку соттун судьясына карата мыйзамсыз баюу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 2437