• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жаранды сабаган депутат мандатынан ажырайбы? Аксыда оорукана өрттөндү

13 Жалган куран 2023 18:46 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТ КАТЫШКАН МУТАШТЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Бишкектеги ресторандардын биринде калайман мушташ болгондугу тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров аралашканын көрүүгө болот. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

АКСЫДА ООРУКАНА ӨРТТӨНДҮ

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Каарманбек Байдавлетовдун маалыматы боюнча, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бир корпусунун чатыры толугу менен күйүп кеткен.

“Бейтаптар башка бөлүмдөргө которулуп, өздөрүнүн оорусуна ылайык дарыланууну улантып жатышат. Өрттөн жабыркагандар жок. Төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканага которулду”, — дейт Байдавлетов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 13-мартта Аксы районунун Кербен шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында өрт чыккан. ӨКМ өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлгөнүн билдирген. Аталган оорукананын имаратынан жалпы 134 бейтап эвакуацияланган.

БӨЛТҮРҮКТҮН АБАЛЫ АЙТЫЛДЫ

Абакта жаткан «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерине кыйноого кабылбаганын айтты. Бул тууралуу аталган улуттук борбордон билдиришти.

«Улуттук борбордун өкүлдөрү менен болгон баарлашууда Тенгиз Бөлтүрүк жубайынын сөздөрүн четке кагып, эч кандай кыйноолорго кабылбаганын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 9-мартта жолдошунун дем алуу органдары жабыркаганын билдирген. Ал мурдараак прокуратуранын имаратында Бөлтүрүктү күнөөнү моюнга алуу үчүн бөлмөгө камап, бир нече саат бою кишендеп коюшканын айткан.

Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров Бөлтүрүктүн саламаттыгы начар экенин жана аны абакта кармоого болбой турганын айтууда. Жактоочунун маалыматына караганда, Тенгиз Бөлтүрүккө жүрөк-кан тамыр ооруларынын оор түрү диагнозу коюлган.

Эске салсак, август айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар тууралуу белгилүү болгон. Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

ИСМАНКУЛОВ ДОО АРЫЗЫНАН  БАШ ТАРТТЫ

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 10-марттагы чечими менен Алмазбек Исманкуловдун КРнын мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо тууралуу доо арызы боюнча жарандык иш токтотулду. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакиров кабарлады.

Маалыматка ылайык, Исманкулов 1 миллион сом моралдык зыяндын ордун толтуруудан баш тартканын билдирди.

Исманкулов ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арыз менен 2022-жылдын июль айынын аягында Ленин райондук сотуна кайрылган. Иш бир нече кароодон өткөн.

Кошумчалай кетсек, кийинчерээк клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынышкан.

23-МАРТТА ОРОЗО АЙЫ БАШТАЛАТ

Быйыл Кыргызстанда Орозо айы 23-мартта башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Муфтияттан белгилешкендей, Орозо айынын башы күн менен айдын чыгышына жараша бир күнгө жылышы мүмкүн.

Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармап, ал Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Муфтият жыл сайын Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмүн бекитет. Өткөн жылы ал 1 килограмм 600 грамм буудай, ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм арпа жана курма баасы деп аныкталган.

Количество просмотров: 1106