• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жаш кызды өлтүрө сүзгөн айдоочу абактан чыкты. Бийлик блогерлерди көзөмөлдөөгө өттү

17 Үчтүн айы 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ МЫЙЗАМ БЛОГЕРЛЕРДИ ЖМК КЫЛАБЫ?

Президенттик аппарат «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын жаңыланган долбоорун даярдады. Документте блогерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган эки берене бар. Анда “блог – бул интернет-басылманын интернеттеги баракчасы, анда маалыматтык-аналитикалык, оюн-зоок жана башка мүнөздөгү жалпыга ачык маалымат камтылган жаңылыктар жарыяланып, ага бир айдын ичинде 5 миңден ашык уникалдуу колдонуучу кирүүгө мүмкүнчүлүк алат”, деп белгиленген.

МИТИНГДЕРДИ ЧЕКТӨӨ

Акыркылардан болуп мындай көрүнүш өткөн аптада катталды. Борбордо тынч митингдерди уюштуруп, жүрүш жасагандарды кары-жашына карабай милиция кармап кетүүдө.

АДАМ ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛГЕН АЙДООЧУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Ички иштер министрлигинин академиясынын 24 жаштагы курсантынын өлүму тууралуу бүгүн ЖК комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев маселе көтөрдү.

Бишкекте жол кырсыгынан каза б аны машинасы менен сүзүп кетип, качып кеткен кишини сот үй камагына кое бергенин сынга алган депутат Акаев, Свердлов райондук сотунун мындай чечимине Жогорку Соттун жетекчилиги көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Курсант кызды өлтүрө сүзүүүгө шектелип кармалган айдоочуну үй камагына чыгаруу тууралуу чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жактоочу тарап соттолуучуда 5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана 2016-жылдан бери өнөкөт программалык гемодиализде экенин тастыктаган медициналык документтерди сотко көрсөткөнү айтылат.

Эске салсак, 9-январда болжол менен саат 07:10 чамасында айдоочу Жибек-Жолу проспектиси менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган  жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган.

АЙРЫМ МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ОКУУГА ӨТТҮ

Бүгүн, 17-январдан тарта Кыргызстандын Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер; Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер; Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп; Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу; Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп онлайн окутууга өттү. Ошондой эле Кара-Көл шаарындагы – 2, Таш-Көмүр шаарындагы – 3, Бакай-Ата районундагы –1 жана Жайыл районундагы – 5 бала бакча жабылды.

МАДАНИЯТТАГЫ ЖОГОТУУ

Бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев жана эстрада ырчысы Бегимай Бекбоева каза болду.

Ырчы Малик Аликеев 1969-жылы 6-июлда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган. Ал акыркы учурда ооруп жүргөн. Ырчы өзү туулуп-өскөн айылында жашап жаткан, сөөгү ошол жерге коюлуп, коштошуу зыйнаты туулган айылында 19-январда өтөт.

Ал эми 32 жашында көз жумган Бегимай Бекбоеванын сөөгүн бүгүн Кочкорго алып кетише турганы маалымдалды. Ырчынын артында 3 жаштагы баласы калды.

Бекбоева 1990- жылы 27- февралда Нарында төрөлгөн. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, аткаруучу, актёр. Апасы Жаңыл Кудайбергенова актриса, куудул катары көпчүлүккө таанымал.

Количество просмотров: 207