• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жээнбеков Таласка кетти. Кытай Кыргызстанга оорукана белек кылат

23 Теке 2020 17:46 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония оорусу 967 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттөгү брифингде билдирди. Анын айтымында
алардын 238инин лабораториялык анализинен COVID-19 табылды, ал эми 729уна мындай диагноз оорунун белгилерине жана рентген жыйынтыгына жараша коюлду.

ОШКО МОСКВАДАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КЕЛДИ
Ошко Москвадан 301 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, алар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва — Ош аба каттармы аркылуу келишкен.

ЖЭЭНБЕКОВ ТАЛАСКА БАРАТ
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча иш сапарларын улантууда. Бүгүн өлкө башчы Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

КЫТАЙ КЫРГЫЗСТАНГА МОБИЛДИК ГОСПИТАЛЬ БЕЛЕК КЫЛАТ
Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гранттык негизде мобилдик госпиталь белек кыла турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады.
Экономика министри Санжар Муканбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин 20-июлдагы видео сүйлөшүүсүндө бул боюнча долбоорду тездетүү маселеси талкууланган.

ИЛМИЯНОВ ЖАТАК-АБАККА КОТОРУЛДУ
Алмазбек Атамбаевдин мурдакы кеңешчиси, президенттин аппаратынын башчысынын экс-орун басары Икрамжан Илмиянов жатак-абакка которулду.

КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН ЖАЗАЛООГО ЧАКЫРГАНДАР АНЫКТАЛДЫ
Москвадагы башка улуттун жарандары менен мамиле курган кыздарды жазалоого үндөгөн жигиттердин өздүк маалыматтары такталды. Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматы маалымдады.
маалыматка ылайык, видеодо чакырык таштаган эки жарандын өздүгү такталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 635