• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жээнбековду Жапаровдун инаугурациясына киргизбөөнү талап кылышты. Абылгазиевдин байлыгын көргөзүштү

27 Үчтүн айы 2021 18:33 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 27-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан 3 адам каза болуп, 107 кишиге вирус жукканы маалым болду.

АК ҮЙДҮН АЛДЫНДА 2 МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн, 27-январда “Ала-Тоо” аянтта жайгашкан Ак үйдүн алдында парламенттин таркатылышын талап кылган элдин митинги өттү. Акциянын катышуучулары “чимкириктер кетсин!”, “парламент тарасын!” деген жазууларды кармап турушту.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ВИЦЕ-СПИКЕР ШАЙЛАНДЫ

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна депутат Нурбек Сыдыгалиев бекитилди. Ал «Ата Мекен» фракциясынан көрсөтүлгөн. Парламенттин 27-январдагы жыйынында Сыдыгалиевдин талапкерлигин 77 депутат колдоду.

МУРУНКУ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН БАЙЛЫГЫ

Мухаммедкалый Абылгазиев УКМКнын абагына камалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Абылгазиев премьер-министр болуп турганда токтомго кол коюп, ал документке ылайык, «Кумтор голд компани» Жабык акционердик коомуна геологиялык чалгындоо жана алтын казып алуу үчүн кошумча жер бөлүнүп берилген. Жер тилкесинин жалпы аянты эки эсе көбөйүп, 26,3 миң гектарды түзүп, ага мөңгүлөр жана коруктар кирген.

ЖОГОРКУ СОТ САЛЯНОВАНЫН ИШИ БОЮНЧА ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ

27-январда Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайра карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Жогорку соттун бул жолку чечимин Аида Салянова акыйкатсыз чечим деп баалады.

МӨӨНӨТҮ ӨТКӨН АЗЫКТАР ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН

Мөөнөтү бир топ ай өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн жасалуу мөөнөтүн өзгөртүү акыркы учурда көп катталууда. Көзөмөл органдарынын айтымында мөөнөтү бүткөн продукцияларды жаңылап, арзан баада болсо да сатып, капчык камын көргөндөр көбөйүүдө.  

Андыктан ар бир жаран өзү жана балдары эмне жеп, эмне менен азыктанып жатканына өтө кылдат маани берүүсү абзел.

Количество просмотров: 755