• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Күндүн ыргагы: ЖКда вице-спикерлик кызмат бош калды. Аскер прокуратурасы мамлекетке 20 миллиондон ашык акча которгон

23 Бештин айы 2020 20:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан эки киши каза болду. 230 ​кишиге вирус жукканы маалым болду.

ВИЦЕ-СПИКЕР КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын расмий тапшырды. Парламенттин жыйынын экинчи вице-спикер Аида Касымалиева алып барып жатат.

 ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР

Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штаб эми жарандар президентти шайлоого жана референдумга катталган жери аркылуу гана катыша ала тургандыгын эске салат.  

БАЛБАНДАРГА СЫЙЛЫК БЕРИЛДИ

Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүн жана машыктыруучуларын кабыл алды.

“АСКЕР КУРУЛУШ” БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ

«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата соңку беш жыл аралыгында 21 жазык иши козголгон. Бул тууралуу 23-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

АКЧА ОПУЗАЛАГАН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

 Бишкекте ири суммадагы акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, декабрь айында азиат жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган жаранга жолугууга барышкан.

ЖЭБДИ КӨМҮР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ

 Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу штаттык режимде жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда маалымат жыйын учурунда “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев билдирди.

Количество просмотров: 245