• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жоголгон конституцияга өзгөртүү киргизүүнү каалагандар кимдер?

24 Бирдин айы 2020 19:28 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫ 11 МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ
18-февралдан 23-февралга чейин Нью-Дели шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары жалпысынан 11 медаль утуп алышты.

МАРШРУТКА ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛДЫ
23-февраль күнү болжол менен саат 08:10дө Калык Акиев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа менен кичи автобустун катышуусу менен жол кырсыгы болду.


ТЕРАКТ БОЮНЧА МААЛЫМАТ ТАРАТКАН КИШИ АНЫКТАЛДЫ
Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде теракт болот деп жалган маалымат берген адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

БАШ МЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ
Бүгүн, 24-февралда «Кыргыз келечеги» коомдук бирикмеси маалымат жыйын уюштурду. Жыйындын жүрүшүндө чек ара маселеси, парламенттик шайлоо жана башка өлкө ичиндеги маанилүү маселелер тууралуу сөз болуп, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды.


ПРОФСОЮЗДАР БОЮНЧА ДЕПКОМИССИЯ ЖЫЙЫН КУРДУ
Бүгүн Жогорку Кеңеште “Кесиптик бирликтер тууралуу” мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өттү


КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨГҮ КЫРДААЛ ИЛИКТЕНЕТ
Буга чейин айрым ЖМКларда Бишкектеги карылар жана майыптар үчүн шаардык социалдык стационардык мекемесинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерди муздак дааратканага камап жатканы туурасында маалымат тараган.


ТУРУКСУЗ АБА ЫРАЙЫ КҮТҮЛӨТ
27-28-февралда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Количество просмотров: 110