• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Күндүн ыргагы: Журналист көз жумду. Депутаттардын иши калбай, коронавируска каршы челлендж башташты

29 Үчтүн айы 2020 20:41 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТ КАЗА БОЛДУ

Журналист, котормочу, акын Эрнис Асек дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери кабарлашты.

СОТТОРДУН КАДЫР-БАРКЫ ТҮШТҮ

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алды.

ЖЭЭНБЕКОВГО КЫЙНОО БОЛУП ЖАТАБЫ?

Кой-Таш окуясына айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулаймановго жана ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаевге жардам сурап кайрылды.

РАЗАКОВДУ КОЛДОГОНДОР МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН БЕРИШТИ

Ал эми бүгүн Лейлектен атайы аксакалдар, жашоочулар келишип маалымат жыйын беришип, вице-премьер Жеңиш Разаковду кызматтан алууну талап кылгандарга өз пикирлерин айтышты.

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН ЖЫЙЫНЫНДА МУШТАШ ЧЫКТЫ

ЗКТ; Өлкөдө коммерциялык эмес уюмдардын кирешеси жана чыгашасы боюнча маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору коомдук талкууга сунушталды. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган бир нече депутат демилгелеген.

БЕТКАПТАРДЫН БААСЫ КӨЗӨМӨЛДӨНӨТ

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын аймагында короновирустун жайылышына жол бербөө боюнча штабдык жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

СОТ АЗАТТЫКТЫН ӨТҮНҮЧҮН ЧЕТКЕ КАКТЫ

Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага жана журналистке коюп жаткан доо боюнча сот процессинде судья «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин бул ишти Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. 

РЕЙДДЕ “ЖЕНГО” КАРМАЛДЫ

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракетине бөгөт коюу үчүн рейд өткөрүлдү. Мобилдик топтор менен эл көп топтолгон жерлер — мейманканалар, түнкү клубдар, кафе-барлар текшерилди. ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 31 жаран Криминалдык милиция кызматына жана Ош ШИИБге профилактикалык сүйлөшүү үчүн жеткирилди. Анын арасында “Женго” каймана аттуу Кадыр Досонов да бар


Количество просмотров: 211