• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Күндүн ыргагы: Журналисттердин кармалышы боюнча маалымат угуу сунушталды. Данияр Үсөновдун уулуна издөө жарыяланды

18 Үчтүн айы 2024 19:06 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН КАРМАЛЫШЫ БОЮНЧА МАСЕЛЕ ПАРЛАМЕНТТЕ КӨТӨРҮЛДҮ

Депутат Гуля Кожокулова жапырт камакка алынган журналисттердин иши боюнча Ички иштер министрлигини менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштады. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында айтты.

ЖК депутаты Балбак Түлөбаев жыйын учурунда президентке кайрылып, медиа коомчулугу менен сүйлөшүүгө барууга чакырды.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева саясатта жүргөн адамдар журналисттердин сын-пикирлерин көтөрө билишин белгилеп, ЖМК өкулдөрүнүн укугу корголушу керектигин айтат.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алды. 16-январдын таңында Ички иштер министрлиги алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирди.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алган.

ЭКС-ПРЕМЬЕРДИН УУЛУ ИЗДЕЛҮҮДӨ

«Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлкүн адалдоо иштерине катышкан» деген шек менен мурдагы премьер-министрлердин биринин жакыны М.У.Д.га издөө жарыяланды.

УКМКнын маалыматында бул адамдын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлктөрү кылмыштуу жол менен, талап-тоноо жолу менен табылганын билип туруп, 2018-жылдан бери ал уюштурган кылмыштуу чөйрө менен жигердүү иштешип келгени айтылат.

“Андан тышкары шектүү Камчы Көлбаев менен биргеликте ресторан, пансионат, түнкү клубдарды  иштетип келген.  Ошондой эле ал өзү ээлик кылган Бишкек шаарындагы бир нече ресторандарынын кирешесинин бир бөлүгүн уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жумшап келген. Жана дагы шектүү чет өлкөлөрдө да бир нече ресторандарына ээлик кылган компанияга ээлик кылган”, — деп жазылат маалыматта.

Бул айтылган фактылардын негизинде УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) менен сыртынан иш козгоп, шектүүгө издөө жарыялады.

Атайын кызмат шек саналып жаткан адам мурдагы кайсы премьердин жакыны экенин тактаган жок. Анын инициалын гана берди. УКМК тараткан инициал Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөновдун аты-жөнүнө туура келет. Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген. Апрель окуясында Беларуска качып кеткен.

АКЫЙКАТЧЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ШАЙЛАНДЫ

18-январда Жогорку Кеңеш Жаныбек Жоробаевди акыйкатчынын орун басары кылып шайлады. Анын талапкерлигин омбудсмен Жамиля Жаманбаева сунуштаган.

Жаныбек Жоробаев 2023-жылдын 31-декабрда оорудан улам каза болгон Шухрат Айтиевдин кызмат ордуна келди. Көзү өткөнүнө байланыштуу анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

46 жаштагы Жаныбек Жоробаев 2020-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан төрт ай депутат болгон. 2021-жылы апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары болуп дайындалып, ошол эле жылдын ноябрында жумуштан алынган.

УЧАК КЫРСЫГЫНАН ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН АБАЛЫ

Бишкекте тик учак кырсыгында жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалы Коргоо министринин көзөмөлүндө болот.
18-январда коргоо министри Бактыбек Бекболотов Улуттук госпиталда жана клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланып жаткан аскер кызматкерлеринин абалы менен таанышты.
Бекболотов жабыр тарткандар тийиштүү дары-дармектер менен камсыздалып жатканын айтты.

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын бир мүчөсү каза болгон. Сегиз адам түрдүү жаракаттар менен ооруканага, анын ичинде төрт киши Тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

18-январда Саламаттык сактоо министрлиги алардын экөө палатага которулганын маалымдап, кырсыкта жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалы туруктуу экенин билдирди.
Коргоо министрлиги учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлаган. Окуяга байланыштуу бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилди. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим тик учак кырсыгын бейтарап иликтөө үчүн кабыл алынган. 

Количество просмотров: 342