• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бишкектин мэри чыр менен алмашып жатат. Президенттин портретине сыйынуу токтойбу? (Түз эфир)

9 Бирдин айы 2021 18:16 Бишкек Govori.TV

БАШ МЫЙЗАМДЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Жогорку Кеңештин сайтында Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланды. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн.

ПРЕЗИДЕНТТИН ПОРТРЕТИНЕ СЫЙЫНУУ ТОКТОДУБУ?

Кыргызстандын 6-президенти Садыр Жапаров өзүнүн портретин чиновниктерге илдирбөөнү суранды. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме-ишканаларга кимдин портретин илсе татыктуу болот? Кененирээк алдыдагы материалда…

ЖАПАРОВ ЖАҢЫ МЭР ТУУРАЛУУ

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиевге байланыштуу пикирин социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу айтты.

Ал эми Мэрлик кызматтан кетип жаткан Балбак Түлөбаев өз эрки менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын, кимдир бирөөнүн басымы болбогонун белгиледи.

УСУБАЛИЕВДИН УНААСЫ ТАЛКУУДА

Кочкор районунун активисти президент Садыр Жапаровго белек кылган унаа Турдакун Усубалиевге таандык болгон эмес. Бул тууралуу Усубалиев коомдук фондунун расмий билдирүүсүндө айтылат. Маалыматта айтылгандай, Усубалиевдин атына эч кандай техникалык каражат катталган эмес. Ошондой эле ошол кездеги саясаттан улам жогорку кызматтагы адамдарга мындай белектердин берилиши мүмкүн эмес болгон.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 58 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

СОТ ДЕПАРТАМЕНТИНДЕ ЖЕМКОРЛУК АНЫКТАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  Коррупцияга каршы кызматы Жогорку соттун Сот департаментинде 2 миллион 385 миң сомдук жемкорлук аныкталганын билдирди.

ЖАМГЫРЧИЕВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Финполдун мурдагы төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызмтынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 8-февралда Башкы прокуратуранын прокурорунун келтирген өтүнүчүн сот карап чыгып, Жамгырчиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушун канааттандырган.

Количество просмотров: 209