• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Көп кабаттуу үйдөгү өрт: 2 кылмыш иши козголду

3 Баш оона 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Алматыда бир адамдын өмүрүн алып, 40тан ашык киши жабыркаган көп кабаттуу үйдөгү өрткө байланыштуу эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу Ерлан Алибеков билдирди.

«Кылмыш иштери өрт коопсуздук эрежелерин бузуу жана бир адамдын өлүмү фактылары боюнча козголду. Шаардык прокуратура мекемелер аралык ыкчам топ түзүп, экспертиза дайындалды. Азыр өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда», – деген Алибеков.

Анын айтымында, өрт чыккан көп кабаттуу үйдүн түтүндөн коргоо системалары жакшы иштеген эмес. Эвакуациялык тепкичтер атайын эшиктер менен жабдылбагандыктан, ал жерге түтүн кирип, жашоочуларды эвакуациялоодо кыйынчылыктар жаралган. Мындан тышкары балкондор менен жогорку кабаттардагы авариялык эшиктер ширетилген же кулпуланган болгон.

«Каза тапкан аял терезеден секирип кеткен. Тургундар терезеден секирип ката кетирген. Балкондо күтүп турса өрт өчүрүүчүлөр куткармак. Куткаруучулар келип, үйдүн чыгыш тарабын өчүрүп жатканда да айрым жашоочулар имараттын түштүк тарабынан секирүүнү улантышкан», – деди Алибеков.

Расмий маалыматтарга ылайык, 1-август күнү кечинде Алматынын Алатау районундагы 16 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн бир аял каза болуп, 43 киши жаракат алган.

Количество просмотров: 127