Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя Октябрь районундагы 3-кичи райондо болгон. Саат 15:31де жерине эки өрт өчүрүүчү машина жана штаб тартылган.
Өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн бир адам каза болгон, жабыркагандардын саны такталууда.