Бишкек.25.02.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарынын 12-кичи районундагы Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөгө буту кыпчылып калган окуучу куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, окуя 23-февралда болгон. Көпүрөнүн капталындагы арматурага 13 жаштагы окуучунун буту кирип кетип чыкпай калган.
Куткаруучулар жерине барып, балага жардам беришкен. Абалы жакшы, ден соолугуна эч кандай зыян келген эмес.