• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Көпчүлүгү кош бойлуу аялдар… Москвадан Бишкекке 372 жаран учту

26 Бугу 2020 12:49 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти С.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстанын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 2020-жылдын 26-майында Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти.

Бул каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аялдар, ошондой эле 2 жашка жете элек балдары менен 53 эне жөнөтүлдү.

Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалым кат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору “бизнес-класс” багытынан орун алган 26 жаран жөнөтүлдү. Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар болду. Мындан сырткары, россия тарабынан бул каттамга РФнын жарандары болуп саналган 5 жаран киргизилди.

Аталган авиа каттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушалган Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган Жумушчу топтун жыйынында бекитилди.

Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалым каттар текшерилип, кош бойлуулар катталып УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталды.

Дарыгерлердин корутундусу боюнча 33 кош бойлуу аялган учууга уруксат берилген жок, себеби, мөөнөтү чоң болгон жана ар кандай патологиялары катталган (учуу үчүн тизмеге жазылган эки кош бойлуу аял каттам учканга чейин көз жарышкан).

Учуп кеткендердин тизмесин жарыялоо тууралуу жарандар үчүн жеке мүнөздөгү маалымат тууралуу 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Элчилик КРнын жарандары тууралуу маалыматты алардын макулдугу жок жарыялай албай тургандыгын маалымдайбыз.

Кезекте дагы 1500дөй оорулууар, боюнда бар аялдар, жашы жете балдар, улгайган жарандар турат.

Количество просмотров: 75