22-23-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Эртең, 22-апрелде түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаайт. Күндүз тоолуу аймактарга кар түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз 3…8, күндүз 11…16;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсун -3…+2, күндүз 2…7 градус.
Бишкек шаарында 22-апрелде түнкүсүн жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 9…11 градус жылуу.