• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Көпчүлүк аймактарга кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

17 Бирдин айы 201911:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.02.2019.Govori.TV

17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондоруна да кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот.

20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт.

21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ал эми 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Количество просмотров: 17