• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күрөш: Айпери алтын, Мээрим коло утту

3 Кулжа 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңди.

Айпери Медет кызы финалда кытайлык балбан менен күч сынашып, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Жуманазарова 68 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашты. Чейрек финалда ал мурда Азия чемпионатында мурдун канаткан казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип алды. Ал эми жарым финалда монголиялык спортчуга жеңилип калды. Канададан келген балбанды утуп коло медаль алды.

Белгилей кетсек, турнир Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналып уюштурулган. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 500дөй спортчу катышууда.

Количество просмотров: 118