Ысык-Ата районунда мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-февраль күнү “Арсенал” рейди учурунда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде Ново-Покровка айылында жайгашкан мүрзөдөгү темир тосмолордуу уурдоого аракет кылып жаткан учурда, 1979-жылы туулган Б.А. жана 1987-жылы туулган Б.С. аттуулар кармалышкан.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренелери (Уурдоого аракет кылуу) боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, кармалган жарандардын Ысык-Ата районунун аймагында мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдоого байланыштуу дагы 4 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.