• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күтүлгөн катуу суукка өкмөттүн даярдыгы кандай?

9 Үчтүн айы 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

Өлкө синоптиктеринин божомолунда 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарында минус -38 °га чейин жетип, кар жаап, жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратып, кыргызстандыктарга сунушун айтты.


«Аномалдык суук кыштоолордо малды кармоодо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз»


Энергетика министрлиги кышкысын калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маанилүү экенин белгилеп, адистерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн баардык чараларды колдонууга чакырды.


Депутат Дастан Бекешев бул суукта мектеп окуучуларын жана бала бакчаларды онлайн окутууга которууну сунуштады.


«11-январда суук болуп, ошол күндөн баштап балдар мектепке барышат. Бишкектин коомдук транспорту ушундай суукка даяр эмес, мектептер менен бала бакчалар даярбы? Билим берүү министринен онлайн режиминде окутууну бир нече күнгө узартуу жөнүндө ойлонууну сунуштайм»


Саламаттык сактоо министрлиги дагы катаал аба ырайына байланыштуу окуучулардын кышкы эс алуусун 16-январга чейин узартууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштады. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын каникулун 16-январга чейин узартты.


Жолдор тайгак жана тоңголок болгон учурда кандай чара көрүлөөрү тууралуу тиешелүү министрлик мындайча жооп берди.


Кышка даярдык кыргыз көмүр ишканасында буга чейин эле көрүлгөн. Катуу суук болсо да мекемеде көмүр менен камсыз кылууда маселе жаралбай турганын билдирди.

Количество просмотров: 2179