• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Көз карандысыңар силер». Депутат Көкүлов кесиптештери менен уруша кетти

3 Бирдин айы 202513:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына кечигип келген депутат Эрулан Көкүлов кесиптештери менен кайым айтыша кетти.

Жыйынга келип, ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишмердүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча суроолорду бере баштаган. Комитет төрайымы Винера Раимбачаева депутаттар бул маселени күн тартибинен алып салганын, буга Саламаттыкты сактоо министрлигинин келбей калганы себеп болгонун айтты.

Ал эми депутат Көкүлов: «Силер жолугушууларды кийинкиге калтыра бересиңер, мен байкап келе жатап, силер көз карандысыңар”, — деп нааразы болду.

Количество просмотров: 570