• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көз сүйүндүргөн кооздук. «Бишкекжашылчарба» шаардыктарга гүл композициясын тартуулайт (сүрөт)

11 Теке 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын багбандары шаардын негизги жасалгаларынын бири — гүл композицияларын көрсөтүштү. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузууну аякташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт

Маалыматка ылайык, азыр борборлордун аллеялары менен бульварларын кооз жана ачык түстөгү гүлзарлар кооздоп турат. Бүгүнкү күнгө чейин: сальвиалар (кызыл, ак, кочкул кызыл), петуния, георгин, тагетес, агератум, львиный зев, цинерари, цини жана башкалар отургузулду.

Учурда бишкектиктер толугу менен ачылган гүлдөрдү көрө алышат. Ишкананын кызматкерлери күн сайын аларды отоо чөптөрдөн тазалап, автоматтык сугаруу жолу менен сугарып турушат.

Количество просмотров: 106