Күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери Бекзат Жаныбеков бычакталып көз жумду
Күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери Бекзат Жаныбеков бычакталып көз жумду
6 Аяк оона 201817:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
Сузак районунун 28 жаштагы тургуну, спорт чебери Бекзат Жаныбековду бычактап өлтүрүп кетишти. Маалыматтта маркум 4-сентябрь күнү жерге берилгендиги айтылат.
Маалыматка караганда, Б.Жаныбеков Бишкек шаарында жүргөн учурда 1985-жылы туулган жигит менен пикир келишпестик жаралып, ал Бекзатка бычак сайып жиберген. Спортчу андан алган жаракаттын кесепетинен көз жумган.
Спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү тастыктаган маалымат боюнча, Бекзат Жаныбековдун мүнөзү токтоо болчу. Ал 2017-жылы күжүрмөн самбо боюнча 90 кг салмактагылар арасында Кыргызстандын чемпиону болгон. Акыркы эки жылдан бери кикбоксинг жана күжүрмөн самбого өзгөчө басым жасап, машыгып жаткан болчу.