Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованын бөгөт чарасын аныктады. Ага ылайык Мукамбетова 23-апрелге чейин үй камагына алынмай болду. Бул тууралуу сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
23-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдөгү маалымат агенттиктердин биринин жетекчиси М. Ү. К. 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Мекеме агенттиктин жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектелип жатканын маалымдаган.