• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кабатай кызы: Аялдардын саясий лидерлик сапаттарын калыптандыруу абдан маанилүү

2 Аяк оона 2022 17:52 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV”мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында жетинчи тренингин өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген жаш лидерлер катышууда.

«Media Карьера» ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызынын айтымында, Кыргызстанда аялдардын саясий лидерлик сапаттарын калыптандыруу абдан маанилүү.

«Аял киши билимдүү, лидер жана ар тармактуу болсо жалпы коом дагы ошого жараша өнүгөт. Айымдарга өзүн-өзү өнүктүрүү, кеп маданиятын камтыган тренингдерди өткөрүп туруу зарыл. Ал эми билимге далалат кылгандардын бар экени абдан кубандырат. Бул нерсени жайылтып, колго алыш керек»,-деди Кабатай кызы.

Количество просмотров: 609