• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Кабай Карабеков менен «24.kg» сайты президентке 10 млн. сом төлөп берет

22 Бештин айы 2017 16:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.12.17. Govori.TV

Бишкек шаардык соту журналист Кабай Карабеков менен «24.kg» сайтын 10 миллион сомдук доого жыгуу боюнча Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Карабековдун  22-декабрдагы соттук  отуруму 10 мүнөткө гана созулган. Соттолгон тараптар ар бири президент Жээнбековго 5 миллион сомдон төлөшү керек. Алар эми Жогорку сотко кайрылышмакчы.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда «24.kg» сайтында Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макаласы чыккан. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган «Социалдык реформалар коому» менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты» деп жазылган.

Ал кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы «ушак жана жалган жалаа» деп сотко кайрылган. Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен «24.kg» агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту алардын талабын канааттандырган.

Макала Жээнбековдун БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн талабы менен «24.kg» сайтынан алынган.

Количество просмотров: 16