• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кабулда 5 күн жүрүп келген Масадыков Ооганстандагы акыркы кырдаал тууралуу айтты

4 Жетинин айы 2021 14:19 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 4-ноябрда эл аралык эксперттердин катышуусунда Ооганстандагы кырдаал талкууланды. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстандагы акыркы кырдаал тууралуу айтып берди.

«Ооганстанда мен өткөн жумада болуп келдим. Абал анчалык деле кооптуу эмес. Жакында биз ал жакта болгон учурда аялдар паранжа кийбей, кадимкидей эле жоолук салынып, айрымдары беткап, бирөөлөр беткапсыз жүрүшкөнүн байкадык. Мектептер иштеп жатат. Айырмасы эми балдар менен кыздар өзүнчө окушат. Мындан тышкары, Менин БУУдагы тааныштарым түнкү саат 11лерде эч кандай коргоочуларсыз эле келип, жолугуп кетишти. Белгилей кетүүчү жагдай, ЖМКларда айтылып жаткан айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт»,-деди ал.

Количество просмотров: 846