• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кадамжай районуна жаңы аким дайындалды

14 Бештин айы 202311:30 Бишкек Govori.TV

Баяке уулу Болоткан Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, 30 жаштагы Баяке уулу Болоткан эки күн мурун президент кызматтан алган Кутпидин Шакировдин ордуна аким болуп келди.

Количество просмотров: 197