• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кадамжайда 61 жаштагы аял туугандары тарабынан катуу сабалды

22 Бештин айы 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

«Фейсбукта» Айдаркен шаарчасында тажиктер энени сабап салышканы боюнча кабар тарады. Бул маалыматты Баткен облусунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы четке какты.

Маалыматка ылайык,18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасында Кадамжай районундагы Сур айылынын тургуну 30 жаштагы А.Ү. аттуу кыргыз жигит өзүнүн жеңеси, ошол эле айылдын тургуну 61 жаштагы М.Зны Айдаркен шаарындагы соода базарынан «үйүңүзгө жеткирип коём» деп алдап, «Деу-Матиз» унаасына салып, Айдаркен-Сох автоунаа жолу аркылуу кетип баратканда: «Апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып, сен майып кылып койгонсуң» деген жүйө менен ур-токмокко алган.

Бул факты Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен катталган.

«Кылмышка шектелип жаткан А.Ү. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүруп жатат.

Количество просмотров: 475