• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кадамжайда жергиликтүү тургун 2 кг жакын баңгизат сатуу учурунда кармалды

14 Аяк оона 2023 10:58 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда 24 жаштагы жергиликтүү тургун 2 кг жакын баңгизат сатуу учурунда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан «Канал-Перехват» жана ыкчам-иликтөө иш-чарасынын алкагында кармалган.

Тинтүү учурунда андан кара целлофан пакет табылып, анын ичинде кара күрөң түстөгү баңгизаты алынган. Эксперттин корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 2 килограммга жакын гашиш экени аныкталган.

Кармалга жаран 1999-жылы туулган Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну И.Р. болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгуп, кармалган жаран Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 109