Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, Өрүкзар айылындагы «Өрүк-Зар» орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары кабылган жол кырсыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Ведомствонун маалыматына караганда, жол кырсыгы 1-июнда катталган. Кырсыкка кабылган «Hyundai Porter» автоунаасынын ичинде «Өрүк-Зар» орто мектебинин 9-а-б-класстын окуучулары жана класс жетекчилери болгон.
«Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң саат 18:30да Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп, «Hyundai Porter» автоунаасына 25 окуучу чыккан. Автоунааны А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы. Окуучу кыздар 6-июнда томографиялык текшерүүдөн өтүшөт.
Учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.