• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кадамжайда тургундар менен кытайлар ортосунда жаңжал чыкты

24 Тогуздун айы 2018 9:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде кече жаңжал чыккан. Бул тууралуу интернет колдонуучулар билдирген.

Белгилүү болгондой мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү «Шамбесай» кенине иликтөө иштерин жүргүзүү максатында суу менен топурак алуу үчүн барышкан. Бирок жергиликтүү эл буга чейин изилдөө иштери жүргөнүн негиз кылып комиссия мүчөлөрүн кенге жеткирбей жолду тосушкан. Окуяда тургундар менен кытайлар  ортосунда жаңжал  болгон, ошол жактан  тартылган видеодон милиция кызматкерлери аялдарды булкуп эки жакка түрткүлөп жатканын көрүүгө болот.

Тургундардын маалыматына караганда, «Эл алтын казылып алынса элге зыян экенин билишкен. Ошол жерге чогулган элди күч колдонуп алып кетишти. Аларды камап коюшу мүмкүн эле. Биз барып аларды чыгарып келдик. Бул биринчи жолку окуя эмес. 10 жылдан бери ар кандай коркутуулар болуп келе жатат. Биздин мамлекетте элдин укугун коргой турган эч ким жок экени өтө өкүнүчтүү. Аким да, айыл өкмөт башчысы да кытайлар тарапта. Жалгыз эл — өзү менен өзү», — деп билдирген жергиликтүү тургундар. 

Количество просмотров: 42