• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кадамжайга эвакуацияланып келген эки келин көз жарды

17 Аяк оона 2022 17:40 Бишкек Govori.TV

Баткен районунан жана Баткен шаарынан Кадамжайга 23 миңге жакын адам эвакуацияланып келген. Алардын арасындагы эки кош бойлуу келин Кадамжай райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарды. Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээркан Асанова кабарлаганын «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, эне-балдардын саламаттыгы жакшы.

«Эвакуацияланып келгендердин арасынан кош бойлуу келиндер жана айрым балдар медициналык жардамга муктаж болушту. Келгендердин 70-80% балдар. Аларды бала бакчаларга жана лагерге жайгаштырып жатабыз. Районубуздун эли түнкү саат 2-3кө чейин көчөдө туруп, эвакуацияланып келген элди үйлөрүнө бөлүп кетип атышты. Азык-түлүк жагынан азырынча маселе жок, баары жетиштүү», — деп билдирген Асанова.

Количество просмотров: 167