• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Стамбулдун аэропортунда кыргызстандык келин көз жарды

9 Бирдин айы 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Стамбулдун аэропортунда кыргызстандык келин көз жарды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

Маалыматка карганда, Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Түркиянын Стамбул шаарына учуп келген кыргызстандык Шахсанам Кабылжандын аэропорттун транзит бөлүмүндө толготкон. Ага Стамбул аба майданынын дарыгерлер тобу ыкчам келип, келинди төрөтүшкөн.

26 жаштагы кыргызстандык келин көз жаргандан кийин, үй-бүлөсү менен шаардын мамлекеттик ооруканасына которулган. Оорукананын дарыгерлери экөөнүн абалы туруктуу экенин билдиришкен.

Количество просмотров: 245