• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

19 Бештин айы 2023 15:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда “Женго” каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды, деп билдирет КР УКМКнын маалымат кызматы.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, 2023-жылдын 15-декабрында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Женго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Ж.Т. кармалды.

Кармалган Ж.Т. Жалал-Абад шаарындагы жеке ишкерлерди физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп-үркүтүп, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алуу менен алектенген.

Белгилей кетсек, кармалган жаран 2017-жылы “Каракчылык”, “Зордуктоо” жана “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок, 2022-жылы Ж.Т. сот органдары тарабынан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуулган. Бул чечимдин мыйзамдуулугу УКМК тарабынан иликтенип жатат, анын жыйынтыгында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонгон судьялардын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Азыркы учурда кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан улам, аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен адамдар болсо КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына 03722 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну суранабыз.

Количество просмотров: 125