Муфтият Рамазан айындагы Кадыр түндүн болжолдуу күнүн аныктады. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет.
Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет.