• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кадырбаева: Айылдын социалдык абалын жакшыртканга салым кошуп келем

8 Тогуздун айы 2021 12:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Бүбатма Кадырбаева. 55 жаштагы Кадырбаева, «айылдын социалдык абалын жакшыртканга салым кошуп келем», — дейт.

«Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик Жол айыл аймагынан келдим. Айылдык кеңештин эки жолку депутаты болгом. 2013-жылы депутат болуп турганда Өзүм жашаган Жон айылына балдар бакчасын ачканмын, азыркы учурда 50 бала тарбияланып жатат. Жана мектепке ысык суу, муздак суусун чыгарып, душ бөлмөлөрүн ачууга көмөк көрсөткөм. Азыркы учурда дагы долбоор жазып кыз узатуу салтанаттын уюштурууну жеңилдетүү жана жеткиликтүү кылып жасалгалоо боюнча эмеректерди дайындап жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 503