Буга чейин Кыргызстандын мурдагы президентинин жубайы Раиса Атамбаеванын көп кабаттуу үйдүн кире беришине таштанды салынган баштык таштап кетти деген видео соцтармакка тарап талкууга жем болгон.
Көп өтпөй бул жагдайга Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев жооп берип билдирүү жазды. Ал апасы бүгүн ооруканага түшкөнүн билдирген.
«Ал КММАдагы кесиптештерине бир жумалык ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу кабарлоо үчүн кетип баратып, баштыкты убактылуу таштап кеткен. Анан кайра келип, таштанды челекке өзү алып кетмек (таштанды челектер КММАнын карама-каршы тарабында жайгашкан). Бирок ал КММАда бир аз кармалып калган. Ал кайтып келгенде баштыкты издеп, күзөтчү менен да сүйлөшкөн», — деп жазган ал.