• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кадырбеков: Казак депутаттарына катуу айткандар болду

18 Бугу 2022 15:50 Бишкек Govori.TV

Депутат Нуржигит Кадырбеков казак-кыргыз депутаттары Жамбыл облусунун Кордай айылындагы биргелешкен көчмө жыйында кайсы маселелер талкууланганын айтып берди.

«Парламенттик дипломатия деген түшүнүк бар. Казакстан парламентинин Мажлисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаттарын көчмө жыйынга чакырдык. Көбүнчө Алматы менен Тараздагы депутаттар келишиптир. Расмий жолугушуу болуп, бетме-бет отуруп сүйлөштүк. Жөн эле барбай тиешелүү структуралардын өкүлдөрүн ээрчите барып, айтчу сөздөрүбүздү айттык. Арасында катуу айткандар дагы болду. Чек арада биздин жүк ташуучу унаалар туруп калып жатат. Ал эми айыл чарба продукциялары бат эле бузулуп кетет. Канча деген дыйкандардын жылдап чогулткан мээнети күйүп кетет. Эмне үчүн мындай болуп жатат? деген собол салдык. Бизге көрсөтүү менен түшүндүрүп, эч кандай кыянаттык жок экенин айтышты. Азыр деле кезек күткөндөр бар экен. Сөзү башка, өзү башка болуп кетеби бир кудай билет. Бирок биз муну көзөмөлдөп турабыз»,-деди депутат Кадырбеков.

Эске салсак, 13-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен Казакстан парламентинин Мажлисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Ак-Жол” («Кордай), «Ак-Тилек» («Карасу») өткөрмө бекеттеринин иши менен таанышкан. Анда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ЕАЭБ алкагында транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү, Казакстандын тийиштүү органдарынын Кыргызстан тараптан барган жүк боюнча контролдук-инспекциялык иш тартибин жөнгө салуу боюнча сөз козгошкон.

Количество просмотров: 2434