Нуржигит Кадырбековдун ордуна Эрнис Айдаралиев Жогорку Кеңешке депутат болду.
БШКнын 30-августтагы жыйынында «Ыйман-Нуру» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Айдаралиев Эрнис Шарабидинович Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Ага чейин БШК “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыраткан. Кадырбеков мандатынан баш тартуу боюнча арызын Боршайкомго 30-августта арыз берген.
Эске салсак, 22-августта Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылган. Ал бул ишти «Ыйман» фондундагы жетекчилик убагындагы отчетторго байланыштуу экенин айткан.