Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Владимир Зеленскийге Орусиянын президенти Владимир Путинден кечирим суроону сунуштады. Бул тууралуу РБК маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-февралда Украинадагы кырдаалдын фонунда Кадыров Грозныйга Чеченстандын күч түзүмдөрүнүн 10 миңден ашуун жоокерин чогулткан.
«Булар (күч кызматкерлери) мамлекетибиздин жана элибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн каалаган убакта каалаган атайын операцияга кетүүгө даяр ыктыярчылар. Учурдан пайдаланып, азыркы президент Зеленскийге биздин президент Владимир Владимирович Путинден мүмкүн болушунча тезирээк кечирим сураш керек деген кеңеш бергим келет», — деген Кадыров.