• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу өттү

26 Кулжа 202510:11 Бишкек Govori.TV

Гаагада НАТО саммитинин жалпы жыйыны аяктагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү.

Зеленский Трамп менен узак жана мазмундуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

«Биз ок атышууну токтотуу жана тынчтыкка жетүү жолдорун талкууладык. Элибизди кантип коргоо керектиги тууралуу сүйлөштүк. Тынчтыкты жакындатууга көңүл буруп, жардам берүүгө даяр болгону үчүн АКШ президентине жана Кошмо Штаттарга ыраазычылык билдиребиз»,- деп жазды Зеленский Телеграмдагы баракчасына.

Эки лидердин жолугушуусу 40 мүнөттөн ашык убакытка созулганы маалым болду.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 153