Украинанын президентии Владимир Зеленский Киев атышууну токтотууну талкуулоо үчүн Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө «даяр» экенин билдирип, орус президенти Владимир Путиндин түз сүйлөшүүгө чакыруусун согушту токтотуу үчүн «жакшы белги» деп атады. Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн адегенде ок атуу токтошу керек экенин белгиледи.
11-майда Зеленский X социалдык түйүнүнө «Орусиялыктар акыры согушту токтотуу тууралуу ойлоно баштаганы жакшы белги. Дүйнөнүн баары муну көптөн бери күтүп жаткан. Кайсы гана согуш болбосун, аны чынында эле токтотуу аракетиндеги биринчи кадам ок чыгарбоо болушу зарыл. Адамдарды өлтүрүү бир дагы күн уланбашы керек. Орусия 12-майдан тартып аткылоосун толук, узакка жана ишенимдүү түрдө токтотушун күтөбүз, Украина жолугушууга даяр» деп жазды.
11-майга караган түнү Путин Украинадагы согушта 30 күндүк тыныгуу жарыялоо тууралуу сунушка макул болбой, анын ордуна Киев менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү, мындай жолугушууну, балким, 15-майда Стамбулда өткөрсө болорун сунуш кылды.
11-майда, Путиндин комментарийинен бир нече саат өткөндөн кийин, АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө бул «Орусия менен Украина үчүн улуу күн» деп жазды.