• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Каирдеги темир жол бекетинде чыккан өрттүн курмандыктары 25 кишиге жетти

28 Бирдин айы 20199:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.02.2019.Govori.TV

Египеттин борбору Каирдеги башкы темир жол бекетинде чыккан өрттүн курмандыктары 25 кишиге жетти. Египеттин бийлигинин маалыматына караганда, 27-февралдагы кырсыктан 50дөн ашык адам ар кандай жаракат алышты.

Окуяга жүргүнчү ташыган поезд Каирдин Рамзес станциясында тосмого урунгандан кийин анын май куйган багы жарылып кеткени себеп болгону айтылууда.

Ал эми өлкөнүн премьер-министри Мустафа Мадбули поезддин кырсыкка учуроо себептери белгисиз экенин айтты. Башкы прокуратура окуянын чоо-жайын иликтей турган болду.

Количество просмотров: 12